Бүгүн, 1-сентябрда Бишкектин айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы болбойт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, подстанциялар оңдолуп, Оңдоо иштерине байланыштуу электр кубаты ордо калаанын борбордук жана негизги көчөлөрүндө, ошондой эле жаңы конуштарда өчүрүлөт.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
- 09:00-11:00 — Айни, Жаманбаев, Худайбергенов жана Токтоналиев көчөсүндө;
- 09:00-13:00 —Жибек-Жолу проспекти жана Үсөнбаев көчөсүндө;
- 09:00-17:00 —Патрис Лумумба көчөсү (№108 үй);
- 09:00-18:00 — Чуйков, Шевченко жана Бөкөнбаев көчөлөрү, ошондой эле «Арча-Бешик» (Бердибаев, Ойсул-Ата жана Шералиев көчөсү) жана «Ак-Ордо» (Каркыра көчөсү) конуштарында;
- 09:30-18:00 — «Ак-Өргө» (Ак шоокум жана Ашар көчөлөрү) жаңы конушунда;
- 09:30-19:00 — Ереван, Бухара, Набережная көчөсү менен Чүй проспектисинде, ошондой эле Көк-Жар (Молдокулов, Достоевский, Чар, Кулмурзаев жана Арстанбап көчөлөрү) жаңы конушунда;
- 10:00-18:00 — «Алтын-Ордо» жаңы конушунда;
- 13:00-17:00 — Крым, Хвойный, Хмельницкий жана Дордой көчөлөрүндө;
- 14:00-17:00 — Жамбыл, Баялинов, Урицкий жана Осипенко көчөлөрүндө;
- 14:00-18:00 — «Мурас ордо» жаңы конушунда.