Камчыбек Ташиев Саламат Садыкованын ордуна кечирим сурады

Окуялар тизмеги 31 Авг 2020 07:51
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкованын “Ат-Башы, Нарын кытайлашып кеткен. Биз тунук кыргызбыз!”-деп  айтылган сөзүнүн тегерегинде сын пикирлер айтылып жатат.

Буга байланыштуу саясатчы тасмага тартылып алынган сөзү тууралуу төмөнкүдөй пикирин жарыялап, Ат-Башы элинен кечирим сурады:

Урматтуу туугандар! Саламат Садыкова эженин тамаша иретинде дем алуу маалында айтылган сөздөрүнө терикпеңиздер. Эжем үчүн мен кечирим сураймын, себеби Саламат Садыкова деген ысым Кыргыздын бешенесине бүткөн улуу таланттардан. Адашып сүйлөп коюптур,баарыбыз деле пендебиз,туура түшүнгүлө, кадыр-барктуу кызыбызды тебелей бербейли урматтуу Кыргыз элим!

Урматым менен Камчыбек Ташиев, — деп кечирим сурады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.