Сооронбай Жээнбеков 29-августта «Биринчи радиого» маек куруп, кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.
Президент Кыргызстан буга чейин башынан апрель, июнь окуяларын эскерип, бул окуялар тынчтыктын, биримдиктин, Эгемендиктин баасын сездирип, мамлекеттүүлүк деген эмне экенин эске салганын айтты.
Ошондой эле президент Кыргызстандын тарыхындагы так болуп калган орчундуу окуяларды унутуп койбоо керектигин белгиледи. “Бул окуялар — эл үчүн да, бийликтегилер үчүн да чоң сабак болду. Саясий талаш-тартыштар, күрөш, атаандаштык, бардыгы болушу керек. Бирок ушул талаштар, жеке же саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши зарыл. Бул жакындап калган парламенттик шайлоонун алдында да актуалдуу.
Сүрөт интернеттен алынды