Канатбек Исаев шайлоо штабындагыларга жумушту уланта берүүгө буйрук берди

Окуялар тизмеги 27 Авг 2020 08:47
0 ой-пикир

«Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берди.

Аталган партиянын лидери Канатбек Исаев шайлоо штабындагы кызматкерлерге кайрылып, жумушту уланта берүүгө буйрук берди. Анын кайрылуусу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыяланды.

Исаев сот БШКнын чечимин жокко чыгарарына ишенерин, партия шайлоого сөзсүз катышарын айтты.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок «Кыргызстан» партиясы шарттарды бузган деген негиз менен анын документтери 25-августта артка кайтарылган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.