Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Окуялар тизмеги 25 Авг 2020 18:28
0 ой-пикир

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын 25-августта билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, кармалган адам баш калаадагы жайкы тамактануу жайы «бузулат» деп коркутуп, маселени оң жагына чечип бериш үчүн анын ээсинен 100 миң сом талап кылган. Тамактануу жайынын ээсине туруктуу коргоочу болуп берерин айткан, бул үчүн дайыма акча төлөп турууну сунуш кылган.

25-августта мекеменин кызматкери 50 миң сом алып жаткан жерден кармалганы кабарланды. Материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган киши УКМКнын тергөө абагына камалды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.