Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Жогорку Кеңешке шайлоого катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду.
Буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Ага ылайык, Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулган.
Ал азырынча кайсы партиядан талапкер болот белгисиз.