Ишкерлерди колдоого бөлүнгөн 14 млрд. сом өздөштүрүлүп жатат

Окуялар тизмеги 18 Авг 2020 08:08
0 ой-пикир

Кыргызстанда ишкерлерди колдоо программасына бөлүнгөн 14 млрд. сом өздөштүрүлүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 17-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен пандемия шартындагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелеси талкууланган онлайн кеңешмеде билдирди.

Боронов аймактардагы ишкерлерди колдоодо, аларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө бюрократиялык иш-аракеттерди азайтуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, банктан насыя алыш үчүн керек болгон документтердин саны жетиден үчкө кыскартылды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.