Бүгүн,18 -августта өлкө аймагында 155 кишиден коронавирус аныкталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, илдетти жугузуп алгандардын үчөө медицина кызматкерлери. Бишкек- 40; Ош – 11; Чүй облусу-14; Ош облусу-6; Нарын облусу – 11; Ысык-Көл облусу- 24; Жалал- Абад облусу- 24; Баткен облусу- 12. Коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 146 киши болду.