Жээнбеков: «Ар бир жаран жоопкерчилик талап кылганда өзүнүкүн да унутпаса»

Окуялар тизмеги 16 Авг 2020 08:43
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-августта «Биринчи радиодогу» кезектеги маегинде Кыргызстанда мамлекет башчыга сын айткандан кийин суракка чакырылган блогерлер жана жарандык активисттер тууралуу позициясын айтты.

Бул жөнүндө кабарчынын суроосуна жооп берип жатып, өлкөдө «күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги болушу керек экенин, бул мамлекеттин өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна пайдубал» болуп бере турганын белгиледи.

«Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп. Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарышыбыз керек. Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция да өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат да. Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот. Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса. Башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков «милиция сындаган активисттерди суракка чакырып жатса бул да алардын иши экенин, бирок өзү президент катары мындай коргоого муктаж эмес» экенин айтты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.