Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов — атайын Elgezit.kg үчүн.
Кыргызча шайлоо – бул өзгөчө бир нерсе. Бизде саясатчылар бул же тигил чечимди кабыл алганда алардын чыныгы маанисин түшүнбөгөнү өзгөчө билинип турат. “Пайдасы же зыяны эмнеде? Эмне үчүн?” деген суроолорго жооп жок. Өнүккөн өлкөлөрдүн шайлоочулары биздин шайлоочулардан бул же тигил партиянын башкаруусу эмнеге алып келерин билгендиги менен айырмаланат. Алардан эмне күтсө болот, себеби партиялар дайыма орду менен алмашып турушат, бул чакырылышта бийликте социалисттер болсо, кийинкиде консерваторлор, башкасында либералдар? Эгерде бийликке социалисттер келсе, анда социалдык программалар көп болот, пенсиялар, маяналар жогорулайт, ар кандай жеңилдиктер берилет, салыктар төмөндөйт, байлар көбүрөөк төлөйт ж.б.
Эгерде либералдар келсе, анда экономика өсөт, жумуш орундары түзүлөт, өлкөгө инвестиция тартылат, мамлекеттин акчасы көп болот. Бирок либералдар элге чоң жеңилдиктерди бербеш керек деген пикирди карманышат, баардыгы тер чыгарып иштеш керек. Социалисттер акча коротушса, либералдар аларды иштеп табат. Шайлоочу керелди кечке иштегенден чарчаганда кийинки шайлоодо добушун социалисттерге берет дагы келерки шайлоого чейин эс алат. Кийин акча түгөнгөндө кайрадан казынаны толтуруш керек болуп либералдар тандалат. Шайлоочу өзүнө пайдалуу болуп, келечектеги планына, жашоосуна карап добуш берүүнү ойлойт.
Экономикалык саясатта консерваторлор либералдарга көбүрөөк окшош, бирок алар руханиятка, адеп-ахлакка, динге, этикага, билимге жана маданиятка басым жасашат. Партиялардын мындай өз ара аракеттенүүсү көп партиялуу парламенттин күчтүүлүгү, партиянын шайлоо тутумунун натыйжалуулугунан кабар берет. Дал ушул жерден партиянын электораты жана алардын каалоосу келип чыгат.
Ал эми бизде болсо партиялар жок, электорат жок, шайлоочулар дайыма ким жакшыраак болду экен деп тынчсызданып, божомолдоп, төлгө тартып турушат. Мунун натыйжасында артта калып, жакырчылык менен алышып келебиз.
Биринчи айырмачылык — биздин шайлоочулар келечегин шайлоо менен байланыштырышпайт. Шайлоо алар үчүн той, майрам, бири убада берип, тамак-аш, акча таратса, экинчиси ал үчүн добушун берет. Көбүнесе тууганчылык, жердешчиликке карашат. Дайыма өзүбүздүн бала деген принцип менен тандоо жасашат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө болсо мыктыларды тандашат. Өздөрүнүкү болбосо дагы мыктылар келсе алардан пайда көп экенин түшүнүшкөн. Ошондуктан бизде жөн гана эркин шайлоо өткөрдүк деп айтабыз, эл болсо статисттин гана ролун аткарат. Ал эми шайлоодо кландардын сүйлөшүүсү менен жыйынтык чыгат. Эгерде бир пикирге келе албай калышса, анда кландар арасында катуу кармаш болот. Ошондуктан ар бир талапкер өз жерине барып, туугандарына жагалданып баштайт. Ал эми парламентке жулунгандардын көбү элге башы көрүнгөн саясатчылар эмес майда кишилер.
Экинчи айырма – шайлоо бул ар кандай партиялардын ортосундагы “соодалашуу”. Башка жактарда болсо министрлик орундарды бөлүшүп жатышса, бизде болсо айыл өкмөт, акимдерге, заводдорго чейин бөлүп алышат. Ал эми аларда муниципалдык бийлик жергиликтүү кеңештен кийин бөлүнөт.
Үчүнчү айырмачылык — шайлоого көп партия катышат. Демократиялык өлкөлөрдө шайлоого белгилүү партиялар катышат, себеби белгисиздерде утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Бизде болсо белгисиз эле партиялар чыга калышат, себеби алар бийликке ыктагандар. Бийлик болсо алардын парламентке өтүүсүнө кепилдик болуп берет. ЖКнын 5-6-чакырылыштарынын курамы жалаң олигархтардан турду. Алар жаңы партиялардын жолуна болушунча тоскоолудктарды коюп, үгүттөө үчүн аз убакыт берип коюшту. Шайлоо күрөөсүнүн, партия фондунун суммасын жогорулатышты, шайлоо босогосун дагы көтөрүштү. Бул тоскоолдуктар жоюлбаса өлкөбүздү олигархтар басып алары чындык. Апрель төңкөрүшүн демократтар кылганы менен, олигархтар депутат болуп келгени да кызык. Өнүккөн өлкөлөрдө күрөөнү талапкерлер теңдик принцибин сакташы үчүн коюшат. Себеби шайлоого партия канча көп каражат коротсо, анын утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы жогору экени түшүнүктүү да. Бирок партия шайлоодон акча менен гана эмес, мээси, интеллекти, сөзү, программасы, иши, мекенине өтөгөн кызматы ж.б. сапаттары менен жеңип чыгышы керек да. Болбосо бийликте олигархия күч алып кетмек да. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдө шайлоочулар өтө байларга добуш беришпейт. Биздин партиялар шайлоону өздөрү каржылашат, бул алардын иши. Калк менен байланышуу системалык мүнөзгө ээ эмес. Негизинен үгүттөөчүлөр аркылуу байланышат… Өнүккөн өлкөлөрдө партиялар каражат чогултууга элди дагы тартышат. Бул жалпы элдин, коомдун иши болуп калат. Эгерде колдоо күч болсо анда алдыга чечкиндүү кадам ташташат, эгерде колдоо жок болсо каталарынын үстүнөн иштеп, кийинки шайлоого даярданышат.
Төртүнчү айырмачылык – биздин партиялар биригишпейт. Жеке амбицияларын алдыга коюп, бириксе күчтүү болорун ойлонушпайт. Партиялар чечкиндүү жана эффективдүү иш алып барышы үчүн күчтүү мотивация керек. Ресурстары көп болгон азыркы бийликти утуп чыгуу жеңил болбойт. Ошондуктан талапкерлер амбициясын артка таштап, жеңишке жетүү үчүн ийкемдүү болуусу кажет. Эми кыргызстандыктар 43 партиянын ичинен кантип тандоо кылат?
Шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү. Башка жактарда гүлдөп-өсүүгө, коопсуздукка, жакшы жашоого жол көрсөтө билген лидерлерди тандашат. Депутат бул лидер, ал кайсы бир убакта аймактын лидери болуп, министрликти башкарып, Өкмөттү башкарып жада калса, өлкөнү башкарып калышы мүмкүн. Бизде болсо “эл кызматкерин” тандашат. Алар шайлоодон кийин башкаруучулукка жарабай турганы билинет.
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.