Эркинбек Жороев — атайын Еlgezit.kg үчүн
Коронавирус пандемиясы бүткүл дүйнөдө эбегейсиз чоң өзгөрүүлөргө себеп болууда. Жөнөкөй жарандардын психологиялык абалынан баштап, чоң-кичине өлкөлөрдүн мамлекеттик түзүлүштөрунө чейин тегиз чыңалууга дуушар болуп, жада калса дүйнөлүк экономикалык жана финансылык система жана буларды жөнгө салып турган механизмдер да кайра каралып чыгуу алдында турат. Глобалдашуу процесси солгундап, өз үйүң, өз мамлекетиң деген баалуулуктар кайрадан алдыңкы орунга чыкты.
Кубаттуу өлкөлөрдүн деле айласы кетип турганда, Кыргызстан да бул апааттан өз насибин ашыгы менен алып жатат. Бийлик менен элдин карым-катнашы ушундай пандемия учурунда курчуп, сыноого алынып жатат. Мамлекеттен медер күтүп, айласы түгөнгөн эл, тарткан азабын, жоготкон жакындарынын күйүтүн бийлик органдарынын чабалдыгын жана чечкинсиздигин протест кылуу менен чыгарууда. Соцтармакта “кетсин” чакыруулары өкмөткө жана президентке карата айтылып жатканын көрүп жатабыз. Чарасыз калганда мындай жол менен бийликти сындаганы — элдин эң эле табигый укугу.
Дагы бир кейиштүү жагы, ушул курч абалдан пайдаланып, кээ бир чөйрөлөр өздөрүнүн иш-аракеттери менен бийликти ачыкча эле этибарга албай башка өлкөлөрдүн бийликтерине жардам сурап өлкөбүздүн атынан кайрылып жатканы болуп жатат. Балким, алар жакшы ниет менен кайрылып жаткандыр, бирок эгемендүү мамлекет тутунган жарандын иш-аракети мындай болбошу керек. Ошол кыргыз политологдордун же коомдук ишмерлердин кайрылуу жасачу макамы башка бир өлкөнүн президенти эмес экенин алар өздөрү өтө жакшы түшүнөт. Жалпы элдин атынан жардам сураганга ыйгарым укугу болгону деле, болбогону деле сурана берсе, биринчиден ынтымакка келип, тытынып жардам уюштуруп, өз тушоосун өзү кесип жаткан өз жарандарыбыздын аракетине көлөкө түшүргөн болобуз. Андан дагы жалпы мамлекеттин, анын ичинде элдин көз карандысыздыгына карата доо кетиши да кабыл алынгыс абал.
Кризис учурунда мындай баш аламандуулукка жол бербей, мамлекеттик түзүлүш, элдин добушу, балдардын келечеги, мамлекеттин эгемендиги, демократиялык жетишкендиктер жана башка көптөгөн негизги баалуулуктар эч качан таразага коюлбасын эсте тутуу керек.
Утурумдук маселелерди чечүү үчүн түбөлүктүү баалуулуктар ортого коюлбайт. Балким, буга макул болбогондор чыгаар, бирок жакынкы тарыхтан сабак алуу керек, ар бир саясий кризисте эгемендиктен уттуруп жатабыз, кайра кайталана берсе бул өлкөдөн акча да качат, адам да качат, өнүгүү жана тынчтык деген кыялыбызда калат.
Айтпаса да белгилүү, биздин мамлекет 30 жылдык эгемендик тарыхында эки жолу башынан оор сыноо өткөрүп, пайдубалы жакшы түптөлбөй эле, тар чөйрөлөрдүн бийлик оюнуна сахна болуп келет. Бирок, чабал болсо да, кичинекей болсо да аты мамлекет аталат. Ар бир кыргыз жаранынын келечеги, эркиндиги жана өнүгүүсү ушул мамлекеттин жашап кетүүсунө көз каранды. Эгемен мамлекет куруу инсан тарыхындагы эң кыйын жана эң маанилүү процесс экенин билебиз. Биздин ата-бабаларыбызга мындай мүмкүнчүлүк 12 кылым мурда тийген, андан бери кылымдар бою көчүп, азап чегип жүрүп отуруп 20-кылымдын акырында гана тарыхый шарт түзүлүп, эгемендиктин туусу желбиреп турат. Эми ушул эркиндиктин туусунун Ала-Тоодо желбиреп турганы кыргыз жаранынан башка эч кимге керек эмес. Тескерисинче, эбегейсиз кооз жаратылышы, кен байлыгы, суу байлыгы жана башка ресурстарына көз арткандар чекеден табылат.
Бийликтеги башкаруучулар утурумдук болуп келет жана кетет, алардын тагдыры элдин добушуна жараша шайлоолордо аныкталат. Шайлоо – элдин бийлик менен болгон карым-катнашындагы эң маанилүү инструмент. Айыл өкмөтүнөн баштап, Жогорку Кенеш жана президентке чейин мандатты эл талапкерге өз колу менен өткөрүп берет. Ошондуктан, бийликке умтулган саясий чөйрөлөрдүн эл таразасына мамлекеттик идеяларды, программаларды коюп, элдин добушу жана ишеними менен келгени эгемендиктин кепилдиги болот.
Элибиздин уучу куру эмес, кыйын кезеңди башынан өткөргөн элдин арасынан улуттук духту аздектеген, билимдүү, көз карандысыз ойлоно билген жана бүгүнкүсүн эле эмес 10 жыл, 20 жыл кийинкисин көрө билген жаштардын мууну чыгат. Элди келечекке, өнүгүүгө, идеалды коюп ага жетүүнү үгүттөгөн жаштар келет. Мунун белгиси – бүгүнкү күндө миңдеген жаштарыбыздын, четке чыгып сөгүнбөй, жапа-тырмак жардам уюштуруп, айылына, шаарына, туугандарына кол сунганы, элге жашоого үмүт бергени, канчалаган өмүрдү сактап калганы. Ондогон өлкөлөрдөгү мигрант жарандарыбыздын акчалай, медициналык каражаттар жана дары-дармек менен өз элине кайрымдуулук колун сунганы. Бул факт ар бир кыргыз жаранын сыймыктандырат. Ошондой эле, дарыгерлерибиздин катаал шарттарга карабай, күн-түн дебей күзөттө болушу, алардын жанында өз өмүрүнө болгон коркунучка алдырбай, көңүлдүү жардам берген улан-кыздарыбыз бүгүнкү күндүн эрдик жасаган баатырлары жана эртеңки күнүбүзгө үмүт чырагын жандыргандар.
Эртеби кечпи бул пандемия балээси да өтөт, тарых барактарына көмүлөт — бул турган иш. Бирок анын кесепеттеринен ким кандай кутулуп же утулуп чыгаары — бүгүнкү күндүн эн маанилүү суроосу. Ошондуктан, бийлик органдары менен башкаруучулары жана атуулдар бул кризисте жоопкерчилик менен мамиле кылып, өзүнө туура сабак чыгаруусу, кылдаттык менен чечим чыгарышы керек.
Жакындап калган Эгемендик майрамыбыз кут болсун, Кыргызстан бар болсун!
Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.