Чүй облусундагы Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматына Аманкулов Эмир Эркинбекович дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Эмир Аманкулов 1983-жылы 13-июлда Панфилов районунун Эркин-Сай айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча экономист-менеджер.
Үй-бүлөлүү. 4 баланын атасы.
Сүрөт интернеттен алынды