Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 304 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта республикалык ыкчам штаб билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 88 адам;
— Ош шаарында 21 адам;
— Чүй облусунда 27 адам;
— Ош облусунда 42 адам;
— Ысык-Көл облусунда 37 адам;
— Жалал-Абад облусунда 28 адам;
— Баткен облусунда 43 адам;
— Талас облусунда 7 адам;
— Нарын облусунда 11 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 40 миң 759 бейтап катталды.