ОКѲФтун кризиске каршы чаралары: пандемиядан кийинки жашоо

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 11 Авг 2020 09:22
0 ой-пикир

Бул кундѳрү Кыргызстан болуп кѳрбѳгѳндѳй кризиске кабылды. Пандемия күн сайын улам жаңы замандаштарыбызды о дүйнѳгѳ алып кетип жатат. Бүгүн коомчулуктун алдында бир гана маселе турат – адамдардын ден соолугун жана жашоосун сактап калуу. Эртели, кечтир илдет артка кайтат, бирок анда алдыбыздан жаңы чакыруулар чыгат – кансыз калган, бүлүнгѳн экономика, аны калыбына келтирүү жана күнүмдүк жашоону жандандыруу.

КРнын ѳкмѳтү карантин киргизгенден бери баардык каржылык-насыялык уюмдарга (ККУ) зайымчыларын колдоо үчүн бир катар чараларды кабыл алуу сунушталган. Орусия-Кыргыз ѳнүктүрүү фондусу биринчилерден болуп колдоонун кризиске каршы чараларын кабыл алды, себеби түзүлгѳн кырдаалга тез арада аракет кылуу керектигин фондуда түшүнүп турушту. Ата мекендик экономикасынын алдында келе жаткан ѳнѳктѳрүнѳ ыкчам жардам берсе, пандемиядан кийинки кризистен чыгуу ошончолук жеңил болот.

Ушул убакыттын ичинде фонду тарабынан кризиске каршы үч пакет иштелип чыкты.

Зайымчыларды колдоо

Ѳлкѳ экономикасын ѳнүктүрүү институту катары, фонду 2020-жылдын 19-мартында зайымчыларды колдоо боюнча тез арадагы чаралар пакетин кабыл алды. Алгач экономикалык кырдаалда ишкерлердин кыйынчылыкка кабылган деңгээли аныкталды. Андай зайымчыларга насыяны тѳлѳѳ мѳѳнѳтү үч айдан жогору жана бир жылга чейин  жылдырылды. Мындан тышкары, аларга пайызды тѳлѳѳ мѳѳнѳтүнѳ үч айлык мораторий берилди. Ушул убакыттын тѳлѳмдүн мѳѳнѳтүн ѳткѳрүп жиберип же мындан башка каржылык милдеттерин аткарбагандыгы үчүн жаза пул колдонулбайт. Мѳѳнѳттү жылдыруу чарасы фонду тарабынан бир тараптуу кѳрсѳтүлѳт, башкача айтканда, баардык зайымчылар үчүн форс-можор тартиби киргизилди деп табылды. Муну эке алганда, зайымчы кажы жагынан кыйналганын фондуга далилдеп отурбастан, ѳз милдеттемелери боюнча тѳлѳмдѳрдү жүргүзүүдѳ тыныгуу алды.

Белгилей кетсек, бул чаралар тикеден-тике фонду аркылуу каржыланган кардарлар үчүн ылайыкташтырылган. Кѳрүлгѳн чаралардын жыйынтыгы боюнча тикеден-тике каржыланган 38 зайымчыга насыясын тѳлѳѳ мѳѳнѳтү жылдырылган.

КОБду коргоо

ОКѲФтун экинчи кризиске каршы пакети30-мартта кабыл алынган. Ал фонду аркылуу же башка каржы-насыялык уюмдар аркылуу каржыланган кичи жана орто бизнести (КОБ) колдоого багытталган. КОБнын субъектилерине негизги карызын жабуу мѳѳнѳтү үч айга жылдырылган. Ал эми насыянын мѳѳнѳтү автоматтык түрдѳ ошол эле убакытка жылдырылды. Аларды АКШ доллар менен каржыланган насыянын пайызын мѳѳнѳтү да үч айга жылдырылды. Коммерциялык банктарга күрѳѳ боюнча талаптар да жумшартылды. ОКѲФ менен кызматташкан 11 каржы-насыялык мекемеге КОБ тѳлѳгѳн насыялар боюнча да мѳѳнѳтү жылдырылды.

COVID-19 пандемиясынын натыйжасында Кыргыз Республикасында түзүлгѳн кырдаалды эске алып, 2020-жылдын 24-июлунда ОКѲФтун башкармалыгы фонду аркылуу ѳнѳктѳш банктардан жана ѳнѳктѳш кичи каржылык уюмдардан каржылоо алган КОБ субъектилери үчүн кризиске каршы чаралар пакетинин мѳѳнѳтүн узартуу чечимин кабыл алды. Ал чечимге ылайык, 2663 зайымчы негизги карызы боюнча тѳлѳмдѳрүн жана пайыздарын тѳгүү мѳѳнѳтү 3 айга узартылды.

Ылаң менен күрѳшүү!

ОКѲФ кызматкерлери да Кыргызстандагы пандемия менен күрѳшүүгѳ ѳз салымын кошту, алар борборлоштурулган эсепке 1 млн сом которуп беришти.

Мындан тышкары ОКѲФ ѳз ишмердүүлүгүе коронавирус менен күрѳшүүгѳ багыттаган ишканалар үчүн жеңилдетилген каржылоону бекитти. Бул атайын иштелип чыккан насыя аркылуу гигиена жана жеке коргонуу каражаттары, медициналык буюмдар жана шаймандарды жасап чыгарган КОБ субъектилери каржыланат. Мындай зайымдар эң аз пайыздык туум менен – АКШ доллары менен жылына 2%, ал эми улуттук валютада 6% менен берилет. Тикелей каржылоо алкагында күрѳѳнү жабуунун коэффициенти 50% жетиши мүмкүн. Болочок зайымчынын табыштамасын тез арада карап чыгып, күрѳѳ боюнча кѳз карандысыз баа берилбейт. Учурда жеке коргонуу каражаттарын, медициналык бет кап тиккен жана COVID-19 каршы дары-дармек жасаган багыттагы ыкчам мѳѳнѳттүү долбоорлордун бир катары каржыланды.

Кластердик программалар

Насыялардын мѳѳтнѳттѳрдү жылдыруудан тышкары, ишкерлерди колдоо үчүн фогду кризиске каршы чараларын иштеп чыгууну улантты. Аймактарда экономикалык активдүүлүктү ѳстүрүп, иш орундар менен камсыздоону жогорулатуу үчүн Талас, Баткен жана Нарын облустарынын КОБ үчүн насыя берүүнүн минималдуу чеги 200 миң АКШ долларынан 100 миңге чейин түшүрүлдү, бул ОКѲФнун насыя каражаттарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүктү жогорулатты.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган облустар – чек арада жайгашып, республиканын негизги экономикалык борборлорунан алыс турат. Бул болсо ѳз кезегинде ишкерлерге каржы ресурстарынан пайдаланууга чектѳѳ кылган.

Албетте, аймактарды ѳнүктүрүү үчүн бир гана ишкананы каржылоо аздык кылат. Кыргызстандагы азыркы экономикалык кырдаалды эсепке алып, ОКѲФ атайын насыя продуктуларын иштеп чыкты, алар кластердик ыкмага ылайыкталып, бүтүндѳй бир ѳндүрүш чынжырын камтыйт. Алар сүт ѳнѳр жайын, эт багытын жана аква маданияттарын камтыйт.

Бул багыттарда эмгектенген ишкерлерге шартка жараша фонду аркылуу улуттук валютада зайым берүү каралган. Пайыздык туум улуттук влютада 8 пайыздан тартып, АКШ долларында 4 пайызга чейин жетет. Карыздын негизги суммасын жеңилдетип тѳлѳѳ 36 айга чейин узартылган. Насыя берүү мѳѳнѳтү беш, жети жылдан тартып он жылга чейин берилет. Мындан тышкары, ишкерлерге долбоор алкагында чийки зат, материал жана башка тейлѳѳ кызматын сатып алуу үчүн айлантма капиталын толуктоого шарт түзүлдү.

Кластердик программаларды ишке ашыруу үчүн каржы институттарынын координациялык тобу түзүлдү. Долбоорлорду ишке ашырууда фондуга коммерциялык банктар, Экономика министрлиги, Айыл-чарба министрилиги жана «Кепилдик фонду «ААК жардам берет. Бул долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылса, 2020-жылы каржылоо ѳлчѳмү 80 млн АКШ долларына чейин жетиши күтүлѳт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.