Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун прокурору Бактыбек Сыргаков оорудан улам каза болду. Бул тууралуу аталган облустун прокуратурасынан билдирди.
Маркум Бактыбек Сыргаков 1963-жылы Талас облусуна караштуу Боо-Терек айылында туулган.
Баткен облусунун прокурору, Ош жана Талас облусунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 2019-жылдын февраль айынан бери Сокулук районун прокурорунун кызматын аркалаган.