Кыргызстанда COVID-19 илдетинен бир күн ичинде алты киши каза болду

Окуялар тизмеги 10 Авг 2020 12:28
0 ой-пикир

Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 10-августта билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгондордун үчөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө, бирөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен дубанында катталды.

Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1474 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 258 кишиден лабораториялык жол менен аныкталды. Март айынан бери коронавирус 40 177 кишиден расмий аныкталды. Анын 32229у айыкты.

Ошондой эле 10-августка карата өлкөдө коронавирустун жаңы 258 учуру катталды. Бул көрсөткүч аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүнөт:

-Бишкек шаары боюнча 84;

-Ош – 24;

—Чүй облусу – 17;

—Ош облусу — 25;

—Талас облусу – 5;

—Нарын облусу – 10;

—Ысык-Көл облусу – 21;

—Жалал-Абад облусу – 37;

—Баткен облусу — 35 учур.

Өлкөдө коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 40 миң 177.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.