Эльвира Сурабалдиева: «Шайлоого катышам»

Окуялар тизмеги 08 Авг 2020 12:54
0 ой-пикир

«Күзүндөгү боло турган шайлоого катышам», — деп жазды депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына.

“Беш жылда жакшы таанып, билип деле калгансыздар – өзгөрүлбөй, эл өкүлү катары ишимди улантып кете беремин”, – дейт ал.

Депутат белгилегендей, эки жумадай калды, ким кайсы партия менен, эмне себептен барары жарыяланып, ачыкка чыгат.

“Съезддерде талапкерлердин тизмедеги катары билинип, партия ичинде бир сыйра ызы-чуу болот. Андан кийин октябрда добуш алып, албагандардын ортосундагы концерттер, болочок депутаттардын “мамой клянусь” деп ант берген видеолоруна күбө болосуздар. Шайлоого барайынбы, 15 партиядан сунуш түштү деп фейсбуктан пост чыгарып, жоопкерчиликти бирөөгө оодаргандай адам эмесмин. Ооба, күзгү шайлоого катышамын”, – деп жазган Эльвира Сурабалдиева. 

Эльвира Сурабалдиева КСДП фракциясынан мурунку чакырылышта депутат болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.