ИИМ Кой-Таш окуяларынын катышуучуларынын билдирүүсү боюнча маалымат таратты

Окуялар тизмеги 07 Авг 2020 19:49
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда жана айрым маалыматтык агенттиктерде кылмыш иштеринин фигуранттары болуп эсептелген Кой-Таш окуяларынын катышуучуларынын билдирүүсү таратылды. Ал жакта 7-8-август күнү бийлик тарап саясий каршылаштарынан арылууга шарт түзүү үчүн жасаган чагымчылдыгына бир жыл толду деп белгиленүүдө. Бийлик Кой-Таш айылында болгон массалык баш аламандыкты чагымчылдык кылуу жана уюштургандыгы үчүн жоопкерчиликтен качууну көздөп, далилдери жок кылып, көрсөтмөлөрдү жасалмалоодо деп айтылууда. Кой-Таш окуялары боюнча соттук процесс негизинен жабык режимде өтүүдө. Тергөө айыптоого ыктап жүргүзүлгөн, айыпталуучуларга кыйноолор, күбөлөргө кысымдар, коркутуулар жана сатып алуулар, далилдерди жасалмалоо, фактыларды өзгөртүү колдонулгандыгы тууралуу да кошумчаланган билдирүүдө. Ички иштер министрлиги аталган билдирүүнүн таралгандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо, өлтүрүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүү үчүн кол салуу, барымтага алуу, баш аламандыкты уюштуруу фактылары жана башка бир катар кылмыш иши иликтенген. 2020-жылдын январь айында 14 жаранга шектөө жөнүндө кабарлама тапшырылып, тергөөнүн аяктагандыгы тууралуу жарыяланып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн. Башында, мурдагы президенттин Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууу фактысына тиешелүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, А.Атамбаев ИИМге күбө катары үч жолу суракка чакырылган. Бирок, тергөө органдарынын мыйзамдуу талаптарына аткарылган эмес. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында А. Атамбаевдин тарапташтары тарабынан куралдарды жана башка предметтерди колдонуу менен каршылык көрсөтүшкөн. Андан сырткары, тергөөгө каршылык көрсөтүү максатында зомбулук коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштурушкан. Кой-Таш айылында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөн Ниязбеков каза болуп, 40 ашуун адам жаракат алган. Ошондой эле, Чүй ОИИББдин башчысы Самат Курманкулов оор жаракат алып, азыркы күндө дарылануусун улантып жатат. Жогорудагы фактылар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандыкты уюштуруу) менен 266-беренеде (Бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен катталган. Андан сырткары, топтолгон материалдардын негизинде КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Өлтүрүү) менен 39-130-беренесинде (Өлтүрүү үчүн кол салуу) жана 355-беренедеги (Бийлик өкүлүнө карата коркутуулар же зомбулук) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган. Ошондой эле, 8-августта Атамбаевдин тарапташтары тарабынан УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу фактысы боюнча материал КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244-беренесиндеги (Барымтага алуу) белгилер боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш аяктагандан кийин материал сотко жөнөтүлгөн. ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан иликтөө ар тараптуу, толук жана калыс жүргүзүлдү. Азыркы учурда Кой-Таш окуялары боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.