Бул тууралуу Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, буга чейин кырсыктан 137 адам каза болгондугу, 5 миңге чукул адам жаракат алгандыгы белгилүү болгон. Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккан.