Кечээ, 6-августта ырчы Анжеликанын апасы Гүлина Молдалиеванын туулган күнү өттү. Ырчынын апасын туугандары, кесиптештери жана Анжеликанын достору куттукташты. Ал эми Анжелика апасына унаа белек кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, кызыктуу сүрөттөр менен бөлүштү.
“Таманыңыздан өөп, болгон жакшылыгымды сиз үчүн арнай берем. Дүйнөдөгү эң сулуу, эң бактылуу айымым. Туулган күнүңүз менен куттуктайм», — деген Анжелика.
«Биздин үй-бүлөгө арнаган белегиңе чоң рахмат. Ар дайым ден соолукта бол, алдыга койгон көптөгөн максаттарыңа жетип, эл арасында аман бол», — деп жазган ырчынын апасы.