Ош ИИБи: Таксисттин өлүмү улут аралык маселе эмес

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 07:56
0 ой-пикир

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Өзгөндөгү таксисттин өлүмүн улут аралык маселеге айландырбоону талап кылууда.

Облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.

“Бул иште эч кандай улуттук маселе жок. Бардык күнөөлүүлөр жазасын алат. Интернеттеги айрым адамдар өз кызыкчылыгы үчүн чуу көтөрүп, маалыматты бурмалоого аракет кылышууда. Биз алардын айрымдарына эскертүү бердик”, — деди Аширбаев.

Милициянын маалыматына караганда, таксисттин өлүмүнө шектүүлөр камакка алынган. Эки жаран киши өлтүргөнү үчүн, үчөө маалыматты жашырганы үчүн айыпталууда. Учурда төртөө убактылуу абак жайында, кичүүсү — 15 жаштагы шектүү үй камагында.

29 жаштагы таксисттин дайынсыз жоголгонун айтып, туугандары милицияга 19-июлда кайрылган. Алгач анын өрттөлгөн денеси, кийинчерээк айдап жүргөн автоунаасы табылган.

Маркумдун артында эки баласы жана кош бойлуу келинчеги калды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.