Кубатбек Боронов: «Кредит алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт»

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 09:18
0 ой-пикир

Кредиттик каражаттарды алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«Иштеп жаткан банктардын бирин экспорттук-импорттук банкка айландыруу – көптөн бери күн тартибинде турган маселе. Бүгүнкү күндө бул маселенин актуалдуулугу жогорулады. Мындан тышкары, кредит алууга тийиштүү шарттар жөнөкөйлөштүрүлөт. Тобокелдиктерди эске алуу менен максималлдуу түрдө элге жана ишкерлерге кредит алуунун шарттарын жөнөкөйлөтүшүбүз керек», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.