Баткенде ок атылды

Окуялар тизмеги 06 Авг 2020 11:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, курал колдонулганын  Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Баткен облусунун Баткен районунун Эки-Таш айылында Тажикстан тараптан белгисиз бирөөлөр кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарган. Алдын ала маалыматка караганда, ок мергенчилик куралдан атылган.

Жыйынтыгында чек арачылардын бири колунан жаракат алды. Ага тийиштүү жардам көрсөтүлдү, учурда абалы туруктуу экени айтылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Чек арадагы абал туруктуу.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-майында Баткен районунун Көк-Таш айылында кыргыз-тажик элинин ортосунда чыр чыгып, таш урушуу болгон. Анда тажик тараптан автомат, минометтон ок чыгарылып, эки тараптуу ок атышуу болгон.

Кагылышууда Мирбек Султанбек уулу, Манас Абдисаит уулу жана Чыңгыз Турдубай уулу аттуу үч жоокер октон жарадар болгон.

Баткен ооруканасына жаткырылган аскерлер кийин Бишкекке Улуттук госпиталга жеткирилген. Көкүрөгүнө ок тийген эки чек арачы сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.