Президент каза болгон медиктердин туугандарына көңүл айтты

Окуялар тизмеги 05 Авг 2020 20:53
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон медицина кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан кабарда ооруну жумуш учурунда жугузуп алып көз жумган алты адистин аты аталды. Алар:

— Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев;

— Ысык-Көл районунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева;

— Чүй районунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Күлжамал Жумабаева;

— Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын ыкчам терапия бөлүмүнүн башчысы Бегайым Исакова;

— Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Кубанычбек Карагулов;

— Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фелдшери Валерий Гауп.

Жээнбеков илдетке каршы күрөштө алдыңкы сапта жүрүп көз жумган медицина кызматкерлери пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алышканын, анын кесепеттерин жоюш үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенишкенин белгиледи.

Президент «бүгүн мекендештерибиздин бакубатчылыгы үчүн жанын берген ак халатчан баатырлар менен коштошууга туура келип турат» деп кошумчалап, Кыргызстан эли акыркы күндөрүнө чейин берген антына бекем турган дарыгерлердин ысымын ар дайым эстеп жүрөрүн айтты.

Интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.