Президент: Аймактарда кароосуз калган имараттарда заманбап оорукана ачылат

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 10:10
0 ой-пикир

Президент Жээнбеков 3-августта Ысык-Көлдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Мамлекет башчы Каракол шаарындагы облустук бириктирилген ооруканага барды. Ал жерде коронавирус жана пневмония менен ооругандар үчүн 245 орун даярдалган. Мындан тышкары облустук оорукананын карамагында ремонтко муктаж эки имаратта кошумча 175 орунга жеткидей жай бар. Аны уюштуруш үчүн 20 млн. сом зарыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков аталган оорукананын жамааты менен жолугушуу учурунда өкмөткө аймактардагы кароосуз калган имараттарды тактап чыгууну тапшырганын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, андай имараттар заманбап оорукана кылып реконструкцияланат жана багытын өзгөртөт.

Жолугушуу учурунда медицина кызматкерлери учурда дары-дармек,
медициналык жабдуулар менен камсыздоо жакшы жолго коюлганын айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлерине кыйын кезеңдеги күжүрмөндүгү үчүн алкыш айтты. Ошондой эле дарыгерлерге убада берилген эмгек акы, компенсациялык төлөмдөрдү берүү жана башка колдоо боюнча бардык маселелер өз убагында чечилерин билдирди.

Мамлекет башчы Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы күндүзгү стационарлардын иши менен таанышып, илдетке каршы күрөшүүдө медиктерге көмөктөшүп жаткан ыктыярчылар менен да пикир алышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Караколдогу күндүзгү стационарга күн сайын 400дөй киши кайрылат. Өткөн айда ачылган Ак-Суудагы күндүзгү стационарга миңден ашуун адам кайрылып, тиешелүү медициналык жардам алган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.