Бишкектен медиктердин тобу реабилитациялык максатта Ысык-Көлгө эс алууга кетишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-августта Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген 54 медиктен турган топ реабилитациялык максатта Ысык-Көлдөгү «Дилорам» пансионатына жөнөп кетишкен.