Балбак Түлөбаев: Талаптарды бузган пансионаттар жабылат

Окуялар тизмеги 04 Авг 2020 16:25
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта, Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшүн көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы жергиликтүү бийликти Ысык-Көл районунда, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында вирустун мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды. Жарандардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө, дарыгерлерди өз маалында бардык зарыл болгон каражаттар жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, коронавирус жуктуруп алгандардын саны азайып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Чолпон-Атада түнкү барлар жана кальян-барлар жабылат. Ошондой эле ал пансионат ээлерине коопсуздуктун алгоритмин сактоо өтүнүчү менен кайрылганын, андай болбогон учурда жалпы кабыл алынган эрежелерди сактоо тууралуу талаптарды бузган пансионаттар дагы жабылаарын айтканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө медициналык аппараттар менен дары-дармектер жетиштүү, Саламаттык сактоо министрлиги жардамга дарыгерлерди жиберишти. Өкмөт учурдагы маселелерди чечүүгө ар тараптан жардам берип жатат, бизге ошондой эле ыктыярчылар менен меценаттар көмөк көрсөтүшүүдө», — деп маалымдады Балбак Түлөбаев.

Эскерте кетсек, акыркы суткада Ысык-Көл облусу боюнча коронавирустун 41 жаңы учуру катталды, жалпы илдетти жугузуп алгандардлын саны 2914 адамга жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.