Текебаев парламенттик шайлоого катыша алабы? Юристтин жообу

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 14:29
0 ой-пикир

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салыша алат. Бул тууралуу юрист Таалайгүл Токтакунова 24.kg агенттигине түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, аталган эки саясатчы тең соттолгон деп эсептелбейт. Аларга тагылган “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши соттун чечими менен кайра кароого жөнөтүлгөн. Демек, Фемида өкүлдөрүнүн күнөөлүү жана соттолуучу деп тапкан мурдагы чечимдеринин бардыгы жокко чыккан.

«Мыйзамда бул саясатчылардын 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу сала тургандай норма жок. Ооба, сот жүрүп жатат. Бирок Текебаев дагы, Чотонов дагы соттолгон адамдар деп эсептелбейт», — деп айтты юрист.

Эске сала кетсек, Текебаев менен Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылдын 21-августунда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.