Кытайдан 78 кычкылтек концентратору алынып келинди

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 15:38
0 ой-пикир

Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына чартердик рейс менен ар бири 10 литрден болгон 78 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Жаңы аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытай Эл Республикасынан ар бири 5 литрден болгон 1500 кычкылтек концентратору алынып келинген. Мындан тышкары өткөн жумада 10 литрликтен 40 даана концентратор жеткирилген. Ушул аптада ушундай эле көлөмдөгү 350 жаңы аппарат келери күтүлүүдө.

Жалпысынан Кыргызстан Кытайдан 2000 кычкылтек концентраторун сатып алды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.