Казакстанда министрдин орун басары бюджеттен акча уурдоого шектелүүдө

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 15:25
0 ой-пикир

Казакстанда 2-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев кармалды. Бул тууралуу Финансы министрлигине таянып жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

«Финансы министрлигинин Каржылык мониторинг боюнча комитети бюджеттик каражатты уурдаган деген шек менен саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишевдин кармалганын ырастайт», — деп айтылат маалыматта.

37 жаштагы Абишев саламаттык сактоо министринин орун басарлыгына 2018-жылы дайындалган. Ал мекеменин маалымат коопсуздугу жана санариптештирүү тармагын тейлечү.

Буга чейин Коррупцияга каршы кызматтын башчысы жогорку даражалуу эки аткаминерге кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.