Катар Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 17:18
0 ой-пикир

COVID-19 илдети менен күрөшүүдө Кыргызстанга Катар өлкөсү гуманитардык жардам көрсөттү. Бүгүн “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн 420 даана кычкылтек концентратору түшүрүлдү. Жүктүн жалпы наркы 250 миң долларды түзөт.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

Жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.