Боронов россиялык дарыгерлер менен эпидемияга каршы күрөшүү чараларын талкуулады

Окуялар тизмеги 03 Авг 2020 17:12
0 ой-пикир

Премьер-министр Кубатбек Боронов Россиядан келген медицина тармагындагы адистер менен коронавируска байланыштуу абалды талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо, анын кесепеттерин жоюу боюнча Россияда колдонулган тажрыйба тууралуу айтып беришти.

Россиялык адистер «Семетей» обсервациялык жайын лабораториялык жана дартты аныктоо кызматтары менен камсыз кылуу, лабораториядагы кадрдык курамды күчтөндүрүү жана кошумча топторду түзүү, эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын катуу көзөмөлдөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу аймактарда компьютердик томография жабдууларынын санын көбөйтүү, медицина кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарды коопсуз пайдалануу боюнча семинарларды өткөрүү сунуштарын беришти.

Премьер-министр россиялык медицина кызматкерлерине тажрыйба жүзүндө берген жардамы жана сунушутары үчүн ыраазычылык билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.