Ошто 25 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 09:04
0 ой-пикир

Ош шаарында 5-июлда дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова Бишкектен табылды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери 30-июль күнү саат 19.00дөр чамасында «Ала-Тоо» аянтында жүргөн кызды көрүп документин сураган. Натыйжада ал изделип жаткан Айтурган Өмүрбекова болуп чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Инспекторлор кыздан дайынын билдирбей жүргөнүнүн себебин сураганда, ал ата-энеси менен урушуп кетип Бишкекке качып кеткенин айтып берген.

эске сала кетсек, 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова 5-июль күнү болжол менен саат 20.00дө үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес. Ички иштер министрлиги анын сүрөтүн ЖМКларга жарыялап издөө салган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.