Мамлекеттик кызматтарга кадр тандоо боюнча автоматташтырылган система ишке кирди

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 09:26
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-августтан баштап мамлекеттик кызматтарга кадр тандоо боюнча жаңы система иштей баштаганын билдирди. Мамлекет башчысы «Биринчи радиого” курган маегинде мамлекеттик кызматка кадр тандоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга аракет башталганын белгиледи.

“1-августтан тартып, жаңы конкурстук система ишке кирет. Эми тестирлөөдөн ким биринчи орунду алса, кызматка ошол талапкер сунушталат. Негизги максат — тааныш-билиштикти жоюу. Айрым мыкты кадрларыбыз мамлекеттик кызматка кире албай, калып кеткени жашыруун эмес. Аны көпчүлүк билет. Ошондуктан бул негизги маселе. Буюрса, бул реформаны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, өз максатына жетти”, — деди президент.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын башында Мамлекеттик каттоо кызматы мамлекеттик кадрларды каттоого алуунун автоматташтырылган «E-Kyzmat» маалыматтык системасы түзүлгөнүн кабарлаган.

Бул электрондук система персоналды башкарууга, сынак жарыялоого, кызматкерлердин ишине баа берүүгө жана аларды квалификациясын жогорулатууга багытталган. Мамлекеттик кызматкерлер эми онлайн режимде бош кызмат орундарына талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк алат.

Бирдиктүү системаны иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөн.

“E-Kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык системасы учурда 43 мамлекеттик органга жана Бишкек шаарынын мэриясына орнотулган. Ага ошол кезде 12 миң кызматкер катталганы айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.