Дагы 423 адам. Россиядан мекенине кайткан мигранттардын саны арбыды

Окуялар тизмеги 02 Авг 2020 18:02
0 ой-пикир

Бүгүн, 2-августта «Аэрофлот — Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын «Москва-Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 423 кыргызстандык учуп келди, алардын арасында 41 кичинекей бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учакта орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын Комиссия тарабынан түзүлгөн.

Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле жакындарынын кайтыш болгон жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.