Шайлоо-2020: Рим жана Парижде шайлоо участкалары түзүлдү

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 16:38
0 ой-пикир

30-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участкалары түзүү жөнүндө 2020-жылдын 15-июлундагы №129 өз токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Италия Республикасынын жана Франция Республикасынын компетенттүү органдары менен жүргүзгөн иштердин жыйынтыктары боюнча, Италия Республикасында жана Франция Республикасында жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Рим жана Париж шаарларында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу жана добуш берүүнү эсептөө үчүн эки шайлоо участкасы түзүлөт.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо участкаларынын жалпы саны 44тү түздү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.