Шайлоо-2020: БШК коомдук байкоочуларды каттоодо

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 12:53
0 ой-пикир

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук байкоочулар катары «Жалпы иш» коомдук фондунан Асылбеков Таалайбек Спартакович, Бобушев Сейт Рысбекович жана Аалиев Тариэль Муратбекович, ал эми Рахматова Ракия Кадырбековна «Таза Шайлоо Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинен катталды.

Катталган коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.

Коомдук байкоочу шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, шайлоонун жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму тарабынан дайындалган адам.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.