Өкмөт «Төө ашууга» акы төлөнүүчү туннель курууга инвестор издеп жатат

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 17:10
0 ой-пикир

Өкмөт Төө-Ашууга дагы бир тоннел курууну көздөп жатат, ал акы төлөнүүчү объект болот.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бул маселе боюнча жыйын өткөрдү.

«Бишкек-Ош жолу республиканын түндүк жана түштүк бөлүгүн байланыштырган негизги транспорттук каттам болуп саналат. Бул жолдун стратегиялык мааниси чоң. Ошондуктан оор жүк ташуу, коопсуздук, аба ырайынын катаал шартында каттамды бузулушун алдын ала турган альтернативдүү туннель куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду кароо жана талкуулоо чечими кабыл алынды», — деди Баатырбеков.

Бардык эл аралык стандарттарга жооп берген жана коопсуз жаңы инфраструктуралык объектти куруу менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болору айтылды.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, «пандемиядан кийинки кризисти эске алганда бул долбоорду ишке ашыруу экономикалык жигердүүлүккө жакшы таасирин тийгизет жана товар ташуунун көбөйүшүн шарттайт. Ошондой эле ички туризмди өнүктүрүүгө салым кошот».

Белгилей кетсек, Өкмөт долбоорду ишке ашырууну чет өлкөлүк инвесторлорго сунуш кылууда.

Транспорт жана жолдор министрлиги жолдун 110-115-чакырымына дагы бир тоннел салыш үчүн 230-240 миллион долларга инвестор издеп жатканын 2019-жылы маалымадаган. Анын жалпы узундугу 11 миң метр болору айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.