Кыргызстанда коронавирус жуктурган (пневмонияны эсепке алганда) 662 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында 221 адамдан, Ош шаарында – 52, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 81, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 82, Жалал-Абад облусунда – 102, Талас облусунда – 22, Баткен облусунда 47 кишиден коронавирус аныкталган.
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 35 миң 805ти түзөт.
Тилекке каршы, акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан 14 адам каза тапты. Акматованын айтымында, Бишкекте 2, Чүй облусунда 3, Ош шаарында бир, Нарын облусунда бир, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 4 жана Баткенде бир адам илдеттен каза болду.
Кыргызстанда каза болгондордун жалпы саны 1378 адамга жетти.