Коронавирустун II толкуну. Гриппке каршы 811 миң вакцина сатып алынат

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 14:38
0 ой-пикир

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук-инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында 800 миңден ашык вакцина сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Динагүл Оторбаева бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын суукташы менен респиратордук вирустук оорулар көбөйүшү мүмкүн. Өзгөчө октябрь айынан апрель айына чейин ооруга чалдыккандар көп болот. Тобокелчилик тобуна кирген адамдарда илдет абдан оор өтүшү ыктымал. Оорунун мөөнөтү декабрдын башынан февралдын аягына чейин уланат.

Оорунун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын вакцина сатып алат.

“Быйыл дагы 111 миңден ашык вакцина сатып алууга тендер өткөрүлүп, келишим түзүлгөн. Мындан тышкары, пандемияны жана күзүндө боло турган коронавирустун экинчи толкунун эске алып Саламаттык сактоо министрлигине 700 миңден ашык вакцина сатып алууга өтүнүч кат даярдалды ”, — деп белгиледи Оторбаева.

Сатып алынган вакциналар өлкөдө тобокелчилик тобуна кирген: өнөкөт оорулары, жүрөк-кан-тамыр оорулары бар адамдарды, балдарды жана башка оорулары бар адамдарды эмдөө үчүн аймактарга бөлүнөт. Ошондой эле грипптин этиологиялык түзүлүшүн жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды аныктоо үчүн тест-системалар менен реактивдерди сатып алуу максат кылынып жатат.

Сатып ала турган вакциналар тобокел тобу үчүн акысыз таркатылат. Тобокел тобуна медкызматкерлер, өнөкөт оорусу барлар, 65 жаштан жогорулар, бат-бат ооруган жаш балдар жана кош бойлуу аялдар кирет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.