Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы тарабынан Ош шаарында жашаган 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова изделүүдө.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Айтурган 2020-жылдын 5-июль күнү болжол менен саат 20:00дө үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес. Азыркы учурда анын кайда экендиги белгисиз, бирок айрым маалыматтар боюнча ал Бишкек шаарынын аймагында жүрүшү мүмкүн.
Белгилери: бою 160-165 см, чачы 30-35 см, көздөрү күрөң, жайкы кийимчен.
Өмүрбекованын кайда жүргөндүгү жөнүндө кандайдыр бир маалыматтарды билсеңиздер, төмөнкү номерлерге билдирип коюңуздарды милиция суранат: 0551 040202, 0707 040202, 0556566184 же ИИМдин КМКнын нөөмөт бөлүгү 0312 266261.