Чүйдө милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 17:36
0 ой-пикир

Элдин милиция кызматкрлерине болгон ишенимин жогорулатуу максатында Чүй облусунун аймагында бир топ жумуштар аткарылууда. Айта кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жумуштары кызуу жүргүзүлүүдө.
Чүй облусунун Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштерди алып барышып, жеринде тургундардын көйгөйлөрүн чечүү жана тиешелүү кызматтарга жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй районундагы милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан бери 334 жолу район аймактарына чыгып, жер-жерлерде 100 дөн ашуун ар түрдүү кайрылууларды кабыл алышып, алар убагында чечилген. Жарандар көчмө кабылдамага арыз даттануулардан сырткары, юридикалык кеңештерди алышып жана башка көйгөйлүү маселелерин айтышып, тиешелүү кызматтар тарабынан жоопторду алышкан.
Учурда жайкы эс алуу мезгили болгондуктан, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана башка кырсыктарды алдын алуу багытында ата-энелерге жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.