Бир тууганымдын кайгысын тең бөлүшөм. Токаев кыргыз элине көңүл айтты

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 11:32
0 ой-пикир

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетүүлөрүн тилейм», — деп айтылат Казакстан Президентинин көңүл айтуу телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди, ошондой эле Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.