Бүгүн, 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү күнү. Пандемия учурунда каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин имаратында көңүл айтуу китеби ачылды.
ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарында аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары менен өкүлдөрү өздөрүнүн көңүл айтууларын билдиришти жана китепке тиешелүү эскерүүлөрүн калтырышты.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү бардык дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлдү.
Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары бул күнү ШКУ, Түрк кеңеши эл аралык уюмдарынын Штаб-квартираларында мүчө-мамлекеттердин туулары ылдый түшүрүлдү.
Чет өлкөлөрдүн башчылары жана эл аралык уюмдар аза күтүү күнүнө байланыштуу кыргыз элине жана президент Сооронбай Жээнбековго көңүл айткан каттарын жөнөтү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: «Бир тууган Кыргызстандын жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм», деп көңүл айтты.
Беларус президенти Александр Лукашенко: «Беларус коронавирус илдетинин жайылышынан улам жакындары менен бир туугандарын жоготкон Кыргызстандын жашоочуларынын орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Ар бир адамдын саламаттыгы менен өмүрү үчүн күрөштөгү кайраттын күчү, негиздүү жана чечкиндүү кадамдар өлкөңүздөгү эпидемияга байланышкан кыйынчылыктарды жеңип чыгууга өбөлгө түзөрүнө ишенем», деп жазды.
Тажикстан президенти Эмомали Рахмон: «Боордош Кыргызстан элине чын ниеттен көңүл айтып, кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз, ал эми ооруп жаткан кыргызстандыктар тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп белгиледи көңүл айтуусунда.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) баш катчысы Владимир Норовдун телеграммасында: «Боордош Кыргызстан элинин орду толгус жоготуусунун азасын тең бөлүшүү менен, бул илдет менен күрөшүп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин берилгендик менен аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктары менен, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп кетким келет», деп айтылды.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы алгачкы ирет 18-мартта катталган. Өлкө боюнча учурда 35 миң 143 адам илдетке кабылып, 1364ү көз жумду.