31-июль, жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланды. Дем алыш күн болгонуна карабай борбор калаада коомдук транспорт ишин токтотпойт.
Бишкек мэриясы кабарлагандай, автобус, троллейбус жана маршруткалар ишемби, жекшемби күндөрү гана каттамга чыгышпайт.
Эртең, Айт майрам күну коомдук транспорт башка жумушчу күндөрдөй эле эртең менен саат 7.00дөн 10.00гө чейин, кечинде 17.00дөн 21.00гө чейин каттайт.