Кыргызстанда 26-июль саат 11:00гө карата коронавирус жуккан 38 бейтап көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жалпы COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны өлкө боюнча 1277 адамга жетти.
Ага ылайык, COVID-19дан каза болгондордун жаңы учурлары (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкүдөй:
- Бишкек – 8;
- Ош шаары — 2;
- Чүй облусу – 4;
- Ош облусу – 2;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 4;
- Жалал-Абад облусу – 5;
- Баткен облусу – 2 адам.