Бишкекке Екатеринбургдан 225 кыргызстандык учуп келди

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 22:34
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-июлда Екатеринбургдан Бишкекке «Урал авиа каттамдары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен 225 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган каттам менен Бишкекке Урал федералдык округунда окуган студенттер, Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск, Нижневартовск, Жаңы Уренгойдо жашап, кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар (ошондой эле ар кандай илдеттери барлар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, улгайгандар, кош бойлуулар, кичинекей балдары бар аялдар, оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Урал федералдык округунда жашап, Мекенине кайтууну каалаган КР жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.