Кыргызстан Кытайга мамлекеттик карызды төлөөдө быйылкы жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишти. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда, 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга жылдыруу боюнча, эки тараптуу кредиторлор Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду, Франция, Германия, Дания жана Япония менен макулдашууга жетишилген.
Ушул жылдын 15-апрелинде «Чоң 20» жана Париж клубу жана Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жакыр өлкөлөр (Кыргызстан алардын ичине кирет) үчүн карызды тейлөөнү токтотуу демилгеси жактырылган.
Бул демилгенин алкагында Кыргызстан эки жактуу кредиторлорго тышкы карызды төлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөткөн.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков, Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылган.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 3,7 миллиард доллар. Бул сумманын эң чоң бөлүгү же 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайдан алынган.