Бишкектеги күндүзгү стационарлардын даректери жана орундардын саны — тизме

Окуялар тизмеги 17 Июл 2020 14:55
0 ой-пикир

Борбор калаанын төрт районунда 908 орундуу 13 күндүзгү стационар уюштурулду. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Азизбек Алымкулов бүгүнкү брифингде билдирди.

Вице-мэрдин маалыматына ылайык, Ленин районунда 267 орундуу беш стационар, Свердлов районунда 250 орундуу үч стационар, Октябрь районунда 151 орундуу эки стационар жана Биринчи май районунда 240 орундуу үч стационар иштеп жатат.

Ленин районунда:

  • «Газпром» ден соолукту чыңдоо борбору, Жайыл баатыр көчөсү, 66 — 120 орун;
  • № 68 мектеп-гимназиясы, Токтогул көчөсү, 220 — 30 орун;
  • «Арал» кафеси, Дэн Сяопин көчөсү, 199 — 50 орун;
  • № 96 орто мектеп, Ак-Ордо конушу — 30 орун;
  • № 95 орто мектеп, Жал кичи району — 37 орун.

Свердлов районунда:

  • Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеп, Чыгыш 5 кичи району — 150 орун;
  • №94 орто мектеп, Дордой конушу — 50 орун;
  • №38 гимназия мектеби, Аламедин-1 кичи району — 50 орун.

Октябрь районунда:

  • «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасы, Токомбаева көчөсү, 3/1 — 101 орун;
  • «Сейтек» мектеби, Анкара көчөсү, 1/10 — 50 орун.

Биринчи май районунда:

  • Кожомкул атындагы спорт сарайы, Тоголок Молдо көчөсү, 40 — 150 орун;
  • №83 орто мектеп, Патрис Лумумба көчөсү, 9 — 50 орун;
  • №81 орто мектеп, Ак-Босого конушу — 40 орун.

Аталган күндүзгү стационарлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл алууда. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Убактылуу ачылган медицина жайларында 216 дарыгер жана 22 ыктыярчы медициналык жардам көрсөтүүдө. 22 дарыкана пункту иштеп, 114 кычкылтек концентратору коюлган. Ошондой эле электрондук кезек терминалдары орнотулган.

Ал эми дарыгерлерге акысыз тамактануу жана мейманканаларда орун уюштурулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.