Кыргызстанда коронавирустан айыккандардын санын эсепке алуу статистикасы өзгөрдү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, жалпы статистикага мындан ары үйдө изоляцияда дарыланып сакайып чыккандар кошулат.
«Акыркы сутка ичинде 109 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бишкек шаарынан 48, Чүй облусунан 23, Ош шаарынан 2, Ош облусунан 5, Жалал-Абад облусунан 8, Баткен облусунан 5, Нарын облусунан 14, Ысык-Көл облусунан 4 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 3569 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан – 1426 киши айыкты. Жалпысынан өлкө боюнча айыккандардын саны 4995 кишини түздү», — деп билдирди ал.
Акматова кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 421 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 11 миң 538ге жетти. Расмий маалыматтарда канча адам үйдө дарыланып жатканы айтылбай келет.
Ошол эле учурда өлкөдө өпкөнү жабырткан пневмония менен ооруган адамдар көбөйүүдө. Пневмонияга чалдыккандардын жалпы саны бүгүнкү күнгө карата канча адам экени ачыкталбай келет, каза болгондордун саны 452 адамга жетти.
Адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баары коронавирус экенин айтууда. Кыргыз бийлиги азырынча пневмония менен коронавирустан өлгөндөрдүн статистикасын өз-өзүнчө карап келатат.